Германиялык Андре Ортольф Гиннесстин рекорддор китебине киргизилди. Ал бир мүнөттө 1,2 килограмм бал жеди.
Андре Ортольф 60 секундда 4000 килокалориядан ашык жеген. Бул күнүмдүк нормадан 20 эсе көп. Ал жеген балдын так салмагы 1273 граммды түзгөн.