Кечээ, 8-июнда Өзбекстандын Кашка-Дарыя облусунун Карши районунда газ баллондорун толтуруучу жайда жарылуу болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, жарылуудан 6 адам каза болуп, дагы 5 адам жаракат алган. Мындан тышкары, 4 унаа жана күйүүчү май сакталган 2 жер алдындагы резервуар күйүп кеткен.
Учурда кырсык боюнча өлкө президентинин тапшырмасы менен атайын өкмөттүк комиссия түзүлдү.