Филиппинде күчү 7,8 баллга жеткен жер титирөөдөн улам 37 адам каза болуп, дагы 456 адам жабыркады. Бул тууралуу GMA News агенттиги билдирди. Мындан тышкары, 4 адам дайынсыз жоголгон деп эсептелүүдө.
Жер титирөөдөн эң катуу жабыркаган аймак - 700 миң тургуну бар Генерал-Сантос шаары болду. Алдын ала маалыматтар боюнча, 1800 имарат жабыркап, 9 көпүрө жана жолдун 19 тилкеси бузулган.
Жер титирөө 8-июнда жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:38де катталган. Филиппинде бийиктиги бир метрден ашкан цунами коркунучу жарыяланып, жээк аймактарындагы тургундар коопсуз жерлерге эвакуацияланган.