Франциядагы "Патриоттор" партиясынын лидери Флориан Филиппо украиналык аскер кызматкерлеринин Париждеги аскердик парадга катышуусу пландалып жатканын катуу сынга алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
“Бул кандай уят иш - жакында эле нацисттерди даңазалаган Зеленскийдин армиясын парадга катыштыруу!”,- деп жазды саясатчы X социалдык тармагындагы баракчасында.
Ал мындай пикирин украиналык учкучтардын Франциянын башкы улуттук майрамы - Бастилияны алуу күнүнүн урматына 14-июлда өтүүчү салтанатка катышары тууралуу маалыматка байланыштуу билдирген.