Бүгүн, 28-январда КРнын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Баткен облусунда 2013-жылдын жыйынтыгы жана 2014-жылга карата мерчемдерин талкуулаган коллегиялык жыйынга катышты.Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады. Премьер-министр “Кумтөр” долбоору боюнча жоопкерчиликти алууга даяр экендигин айтты.
“Тилекке каршы айрым “жалган мекенчилдер” “Центерранын” жактоочусу болуп, туура эмес маалыматтарды таркатышууда. Белгилөөчү жагдай, алар муну өз өлкөсүнүн кызыкчылыгы үчүн эмес, арзан, ылдам саясий упай топтоо үчүн жасашууда. Элди, коомчулукту адаштырып айтып жатканы өкүндүрөт. Мындай адамдарга ишенбөөгө чакырып кетем”,– деди Сатыбалдиев.