Биз социалдык тармакта

НБА финалынан кийинки башаламандыктар: Нью-Йоркто 21 адам кармалды

АКШда баскетбол боюнча НБАнын финалдык сериясындагы кезектеги оюндан кийин чыккан башаламандыктарга байланыштуу 21 адам кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Нью-Йорк шаардык полиция башкармалыгынын маалыматына ылайык, кармалгандардын сегизине расмий айып тагылып, дагы 13 адам сотко келүү милдеттенмеси менен бошотулган.

Полициянын билдиришинче, эки адам укук коргоо кызматкерлерине кол салган деп, дагы бирөө мындай кол салууга аракет кылган деп айыпталууда.

Ошондой эле тартипсиздиктердин жүрүшүндө Нью-Йорк полициясынын беш кызматкери жаракат алган.

Окуя НБАнын финалдык сериясындагы кезектеги беттештен кийин орун алган. Укук коргоо органдары тартипти калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан