Биз социалдык тармакта

АКШ Иранга каршы соккулар аяктаганын билдирди 

АКШнын куралдуу күчтөрү Иранга каршы соккулар аяктаганын билдирди. Бул тууралуу АКШнын борбордук командачылыгына таянып, чет элдик басылмалар жазышты.

Билдирүүгө ылайык, соккулар аяктаганына карабастан, Америка армиясы толук күжүрмөн даярдыкта калышат.

"АКШнын Аскер-аба күчтөрү жана Аскер-деңиз күчтөрүнүн истребителдери Ормуз кысыгына жакын жайгашкан Ирандын абадан коргонуу объекттерине, жердеги башкаруу пункттарына жана радиолокациялык станцияларына сокку урган.

Бул операция америкалык аскерлерге жана эл аралык соода кемелерине жасалган акыркы чабуулдарга жооп катары жүргүзүлгөн. АКШ президенти Дональд Трамп бул чабуул Ормуз кысыгынын аймагында Apache тик учагынын атып түшүрүлүшүнө жооп болгонун билдирген",- деп жазылат анда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан