Украинанын президенти Владимир Зеленский бир ай ичинде Европа Биримдигине, АКШга жана Орусиянын президенти Владимир Путинге бир нече кат жөнөткөнүн билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, Зеленский Путинге жазган катынан күткөн жыйынтыкка жетишкенин билдирип, бирок анын чоо-жайын ачыктаган жок.
Буга чейин Зеленский Кремлге кат жолдоп, согушту түз сүйлөшүү жана жеке жолугушуу аркылуу токтотууну сунуштаган.