Биз социалдык тармакта

Ооганстан кайрадан Пакистан тараптан чабуул башталганын билдирди

Ооганстандын бийлиги Пакистан армиясы өлкөнүн Кунар, Хост жана Пактика провинцияларына абадан сокку урганын билдирди.

Чет элдик басылмалар билдиришкендей, натыйжада 13 адам каза болуп, алардын 11и балдар. Дагы 14 адам жаракат алды.

Ооган тараптын маалыматына караганда, соккулар жөнөкөй жашоочулардын үйлөрүнө жасалган. Ал эми Пакистандын бийлиги бул маалымат боюнча азырынча расмий билдирүү жасай элек.

Эскерте кетсек, эки өлкөнүн ортосундагы чыңалуу 2021-жылы Ооганстанда талибдер бийликке келгенден кийин күчөгөн. Ошондон бери чек арадагы кагылышуулар жана өз ара айыптоолор уланып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан