Конгодо эбола вирусун жуктуруп алгандардын саны 598ге жетти.
Чет элдик басылмалар билдиргендей, бийлик алардын 115и каза болгонун кабарлады. Адистердин айтымында, бул эпидемия 2014-жылдагы рекорддук деңгээлди ашып өтүшү мүмкүн. Анткени 15-майда дарттын сейрек кездешүүчү бундибугио штаммы аныкталып, оорунун күчөшүнө кошумча болууда.
"Бул штаммга каршы азырынча вакцина жана атайын дарылоо ыкмасы жок. Анын өлүмгө алып келүү көрсөткүчү 30-50 пайызды түзөт. Эбола вирусу адамдын иммундук системин жана ички органдарын жабыркатып, ички жана тышкы кан кетүүгө алып келиши мүмкүн",- деп белгиленди маалыматта.