Филиппинде катталган катуу жер титирөөдөн каза болгондордун саны 41 адамга жетти. Жаракат алгандардын саны 470ке жетип, төрт адам дайынсыз болуп жатканын чет элдик маалымат агенттиктери жазышты.
Жер титирөө 8-июнда жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:38де катталган. Филиппинде бийиктиги бир метрден ашкан цунами коркунучу жарыяланып, жээк аймактарындагы тургундар коопсуз жерлерге эвакуацияланган.
Жер титирөөдөн эң катуу жабыркаган аймак - 700 миң тургуну бар Генерал-Сантос шаары болду. Алдын ала маалыматтар боюнча, 1900 имарат жабыркап, 9 көпүрө жана жолдун 19 тилкеси бузулган. Бул аймакта өзгөчө абал режими жарыяланган.