Биз социалдык тармакта

Пентагон: “Кубанын тагдыры Трамп менен Гавананын чечимине байланыштуу”

АКШнын коргоо министри Пит Хегсет Кубанын келечеги АКШнын президенти Дональд Трамп менен Кубанын жетекчилигинин чечимдеринен көз каранды экенин билдирди.

Ал бул тууралуу Кубада жайгашкан Гуантанамо аскер-деңиз базасына болгон сапарынын жүрүшүндө америкалык аскер кызматкерлеринин алдында сүйлөп жатып айткандыгын чет элдик басылмалар жазышты.

Кубанын келечеги АКШ президентинин жана Кубанын жетекчилигинин колунда”, - деди Хегсет.

Ошондой эле ал АКШнын Коргоо министрлиги “ар кандай күтүлбөгөн жагдайларга” даяр бойдон каларын белгиледи.

Хегсеттин бул билдирүүсү АКШ менен Кубанын ортосундагы мамилелер жана аймактагы коопсуздук маселелери талкууланып жаткан учурда жасалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан