Биз социалдык тармакта

Иран командири Жакынкы Чыгышты АКШ үчүн тозокко айландырууга убада берди

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун Аэрокосмостук күчтөрүнүн командири Сейед Мажид Мусави АКШнын коркунуч жаратуусу жоопсуз калбай турганын эскертти.

"Ормуз кысыгын кооптуу кылсаңар, анда биз чөлкөмдү силер үчүн тозокко айландырабыз",- деп жазат анын сөзүн Tasnim маалымат агенттиги.

Командир Ирандын аракеттери "Американын аймактагы текебердигине" жооп болорун кошумчалаган.

Мурда АКШнын президенти Дональд Трамп эгер Иран Вашингтон менен келишимге жетишпесе, анда ал мындан да күчтүү америкалык соккуларга туш болорун билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан