Орусиянын президенти Владимир Путиндин Украина боюнча атайын өкүлү Кирилл Дмитриев "башка планеталыктарга" кайрылуу жасады.
Ал Батыш цивилизациясын сактап калуу үчүн Жерден тышкаркы аймактагылардан Британиянын премьер-министри Кир Стармерди кызматтан кетүүгө көндүрүүгө жардам берүүнү суранды.
"Урматтуу башка планеталыктар, адамзат менен байланышууга даярданып жатканда, Кир Стармерди кызматтан кетүүгө көндүрүү менен өзүңүздөрдүн кудуретиңиздерди жана боорукердигиңиздерди көрсөтүңүздөр",- деп жазган Дмитриев X соцтармактагы баракчасында.