Бүгүн, 11-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Алтынбек Рысбековдун талапкерлигине макулдук берүү маселеси каралды.
Талапкерди депутаттарга президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды.
Жыйынтыгында эл өкүлдөрү анын талапкерлигин жактырышты.
Айта кетсек, кечээ күнү Таалайбек Ибраев энергетика министри кызматынан бошотулган. Ал өзү бул боюнча билдирүү жасады.