Ирактын борбору Багдад шаарындагы АКШ элчилиги өлкөдө жүргөн америкалык жарандарды өтө этият болууга жана мүмкүн болушунча Ирактан чыгып кетүүгө чакырды.
Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүк X социалдык тармагындагы баракчасында маалымдады.
Элчиликтин билдирүүсүндө Жакынкы Чыгыштагы акыркы окуяларга байланыштуу аймакта аба мейкиндиги күтүүсүздөн жабылышы же каттамдарда үзгүлтүктөр жаралышы мүмкүндүгү белгиленген.
Элчилик Ирактагы америкалык кызматкерлеринин бир бөлүгү эвакуацияланганына карабастан, өз ишин улантып жатканын кошумчалаган.