Коомдук транспорттун айдоочусу жолдун ортосунда уча албай турган чымчыкка жардам берип, көпчүлүктүн алкышына ээ болду.
Окуя учурунда айдоочу унаасын токтотуп, кооптуу абалда калган чымчыкты жол четине чыгарып койгон. Андан кийин гана каттамын уланткан.
Айдоочунун бул аракети күбө болгондор тарабынан жылуу кабыл алынып, социалдык тармактарда ага ыраазычылык билдирген пикирлер айтылууда.
Колдонуучулар анын жаныбарларга кайдыгер карабаган мамилеси үлгү болорун белгилешүүдө.