Биз социалдык тармакта

Баңгизатка каршы рейд: "Даңазалуу доордогу" Көсем султан кармалды

Түркиянын Стамбул шаарында баңгизатка каршы рейддин жүрүшүндө 20дан ашык белгилүү инсан, алардын арасында "Даңазалуу доор" сериалынын актрисасы Берен Саат да кармалганын түркиялык басылмалар жазышууда.

“Кармалгандар баңгизатка текшерүү үчүн кан жана чач үлгүлөрүн тапшырышты, дагы үчөө изделүүдө”,- деп жазды басылмалардын бири. Полициянын текшерүүсүнө туш болгондордун арасында Берен Сааттын жолдошу, ырчы Кенан Догулу жана анын композитор иниси Озан да бар.
Берен Саат аталган тарыхый сериалда Көсем султандын образын жараткан.

Белгилей кетсек, Түркияда мындай рейддер 2025-жылдын октябрынан бери үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет. Текшерүүлөргө актёрлор, ырчылар жана ишкерлер да тартылып, шектүүлөр анализден өткөрүлүүдө. Стамбул башкы прокуратурасы апрелде билдиргендей, текшерүүдөн өткөн атактуулардын 77 пайызынын анализдери оң чыккан. Тагыраагы, баңгизат колдонушканы тастыкталган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан