Биз социалдык тармакта

АКШнын Тегеранга жасаган чабуулдарынан үч адам жабыркады

АКШнын Ирандын борбору Тегеран шаарына жасаган чабуулдарынын кесепетинен үч адам жаракат алганын ирандык Nour News агенттиги медицина кызматкерлерине шилтеме берүү менен билдирди.

Шаршемби күнү АКШнын президенти Тегеранды сүйлөшүүлөрдү создуктуруп жатат деп айыптап, Иранга каршы масштабдуу аскердик операция жүргүзүлөрүн билдирген. Бейшембиге караган түнү АКШнын Борбордук командачылыгы Ирандагы объекттерге сокку урула баштаганын маалымдады. Буга жооп катары Тегеран АКШнын аскердик базаларына сокку урду.

Маалыматка таянсак, “АКШнын Тегеранга жасаган ырайымсыз чабуулдарына байланыштуу окуяларда үч адам жаракат алды”.

Эске салсак, АКШ менен Израил Иран аймагындагы объекттерге 28-февралдан тарта сокку ура баштаган. Маалыматтарга ылайык, бул чабуулдардын натыйжасында 3 миңден ашуун адам каза тапты. 8-апрелде Вашингтон менен Тегеран ок атышууну убактылуу токтотуу тууралуу келишимге келишкен жана ал документ расмий түрдө азыркыга чейин күчүндө. Ошол эле учурда тараптар өз ара түшүнүшүү боюнча меморандум даярдоо үчүн сүйлөшүүлөрдү улантып жатышат. Бирок мезгил-мезгили менен бири-бирине каршы чабуулдар дагы катталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан