Биз социалдык тармакта

Өзбекстан АКШдан футболчулардын кошумча текшерилиши боюнча түшүндүрмө сурады

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын Нью-Йорк шаарындагы аэропортто өлкөнүн футбол боюнча улуттук курама командасынын кошумча текшерүүдөн өткөрүлгөнү боюнча расмий түшүндүрмө сурады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Белгилей кетсек, өзбекстандык футболчулар жана команданын өкүлдөрү стадионго кирер алдында коопсуздук кызматкерлери тарабынан текшерилип, алардын жүктөрү тыкыр каралган. Ушундай эле чаралар Сенегал жана Бельгия курамаларына да колдонулган.

Кийинчерээк башкы машыктыруучу Фабио Каннаваро бул кадимки коопсуздук процедурасы болгонун айтып, окуяда эч кандай чыр-чатак же сыйлабастык болбогонун белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан