Биз социалдык тармакта

1-сентябрдан баштап Орусияга барган мигранттар үчүн жаңы медициналык талаптар киргизилет

Орусиянын президенти Владимир Путин мигранттар үчүн милдеттүү медициналык кароонун эрежелерин катаалдаштырган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Жаңы мыйзамга ылайык, Орусияга келген чет элдик жарандар медициналык текшерүүдөн 90 күндүн ичинде эмес, 30 күндүн ичинде өтүүгө милдеттүү болот. Ошондой эле өлкөдө 90 күндөн ашык жүргөндөр жыл сайын кайрадан медициналык кароодон өтүшү керек.

Мыйзам 1-сентябрдан тарта күчүнө кирет. Медициналык кароодон баш тарткан же андан качкан мигранттарга айып пул салынып, өлкөдөн чыгарылышы мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан