“Кумтөр” боюнча парламенттин токтомун аткарбаганы үчүн өкмөттү отставкага кетирүү сунушталууда

“Кумтөр” боюнча Жогорку Кеңеш кабыл алган токтомду аткарбаганы үчүн өкмөттү отставкага кетирүү сунушталууда. Сунушту депутат Эркин Алымбеков 28-январда ЖКнын Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин жыйынында айтты. 

“Эгерде Сатыбалдиевдин өкмөтүн отставкага кетирсек, канадалык алдамчылар кыргыз өкмөтүн сатып алууга мүмкүн эмес экенин түшүнүшөт. Жаңы түзүлгөн өкмөткө мурункудай тапшырмалар берилет”,- деди Алымбеков.

Эскерте кетсек, 2013-жылдын октябрь айында Жогорку Кеңеш “Кумтөр” боюнча токтом кабыл алып, өкмөткө үлүштү 67 пайызга жеткирүү, андай болбосо келишимден бир тараптуу чыгууну демилгелөө тапшырмасы берилген. Бирок өкмөт үлүштү 67 пайыз кылууга жетише албады. Биргелешкен ишкана түзүп, пайданы 50х50 пайыздан бөлүшүүнү сунуштап жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан