АКШнын президенти америкалык аскерлер Иранды толугу менен көзөмөлгө алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экенин билдирди. Ошол эле учурда ал кургактагы аскердик операция жүргүзүүнү каалабай турганын белгиледи. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Трамптын айтымында, АКШнын аскердик мүмкүнчүлүктөрү мындай операцияны ишке ашырууга жетиштүү, бирок Вашингтон учурда мындай кадамга барууну көздөбөйт.
“Биз Иранды толугу менен көзөмөлгө ала алабыз, бирок мен кургактагы операцияны каалабайм”, - деген ал.
Президенттин билдирүүсү АКШ менен Ирандын ортосундагы чыңалуу күчөп жаткан шартта айтылды. Бирок ал учурда Иран аймагына кеңири масштабдагы кургактагы аскердик операция жүргүзүү планы жок экенин кошумчалады.