Казакстандык ишкер Мухтар Жакишевдин кызы Алтынай дагы өзүнө карата айтылган сын-пикирлерге жооп берди. Ал чет элдик жаранга турмушка чыкканы үчүн сындагандарга боор ооруй турганын айтып, аларга «шартсыз, күтүүсүз жана чектөөсүз сүйүүнү» жолуктурууну каалады.
Ал өзүнүн Instagram баракчасында мындай деп жазган: «Сүйүү улутту, расаны жана чек араны тааныбайт. Ал соттобойт, тартып албайт жана күнөөлөбөйт. Сүйүү - бул биздин эң чыныгы табиятыбыз. Чынында реалдуу болгон жалгыз нерсе ушул».
Ошондой эле Алтынай аны сындаган адамдар дүйнө аларды «ачуулуу жана катаал кылып, коркуу менен жашоого мажбурлаганын» айтып, аларга адамдар жаратылган чыныгы сүйүүнү табууну каалады.
Маалымат үчүн:
Алтынай Жакишева өспүрүм кезинен бери чет өлкөдө жашайт - бул анын атасына байланышкан соттук иштер жүрүп жаткан учурга туура келген. Азыр ал Лондон шаарында жашап, мода тармагында иштейт.
Май айында ал социалдык тармактарында афроамерикалык Карл Оби менен болгон үйлөнүү тоюнан сүрөттөрдү бөлүшкөн. Маалыматтарга ылайык, анын жолдошу инвестициялык банкир болуп иштейт. Мухтар Жакишевдин айтымында, экөө алты жылдан бери тааныш болуп, эки жыл мурда баш кошууну чечишкен.
Алтынай жолдошун коомчулукка көрсөткөндөн кийин Казнетте аны чет элдикке турмушка чыкканы үчүн кескин сынга алышкан. Кийинчерээк бул темага атасы жана келиндин кайненеси дагы өз пикирин билдиришкен. Белгилүү болгондой, түгөйлөр үйлөнүү тойдун бир бөлүгүн Казакстанда казактын салты менен да белгилешкен.