
Сеул соту Түштүк Кореянын мурдагы президенти
Юн Сок Ёлду Түндүк Кореяга дрон жөнөткөнү үчүн 30 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.
Ал 2024-жылы Пхеньяндын аба мейкиндигине согуштук дрондорду киргизүүгө буйрук берген. Прокуратуранын билдиришинче, бул аракет 2024-жылы өлкөдө аскердик абал киргизүүгө шылтоо түзүү максатында жасалган.
Айта кетсек, 19-февралда Түштүк Кореянын соту Юн Сок Ёлду 2024-жылы өлкөдө аскердик абалды киргизгени үчүн өмүр бою эркинен ажыратуу

чечимин чыгарган. Буга байланыштуу ал өкүмгө каршы сотко апелляциялык арыз менен
кайрылган. Ага каршы жалпысынан 8 кылмыш иши козголгон.