Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, өлкөдө азык-түлүк 13 пайызга кымбаттайт  

Экономика министринин орун басары Данил Ибраев “Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, өлкөдө азык-түлүктүн баасы 13 пайызга кымбаттайт”,- деп билдирди 28-январдагы тегерек столдо.

Айтымында, учурда бул тобокелчиликтин таасирин азайтуу үчүн аракеттер жүрүп жатат.

“Бирок биз түшүнүшүбүз керек, дээрлик чек арабызда турган Бажы биримдигин четке кага албайбыз. Келечекте өлкөлөрдө саясий кырдаал өзгөрүшү мүмкүн, кандайдыр бир себептерден улам Кыргызстан менен Бажы биримдигиндеги өлкөлөрдүн ортосундагы чек аралар жабылышы мүмкүн. Анда товарыбызды каякка экспорттойбуз?”- дейт Ибраев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан