Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун ачылыш аземине бир нече мүнөт калганда кайгылуу окуя катталды.
Чет элдик басылмалар билдиргендей, Мехикодогу "Ацтека" стадиону аймагында 45-50 жаш курактагы эркек адамдын жүрөгү кармап калды. Окуя болгон жерде дарыгерлер аны өзүнө келтирүүгө аракет кылышканы менен ооруканага жеткирилгенден кийин каза болуп калганы кошумчаланды маалыматта.
Ошондой эле анын Германиядан барган күйөрман экендиги маалымдалууда.