“Улуттар биримдиги” партиясы мэр шайлоонун жыйынтыгы боюнча Борбордук Шайлоо комиссиясы менен соттук териштирүүнү Жогорку сотто улантат. Бул тууралуу аталган саясий уюмдун басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, 2014-жылдын 15-январында Ош шаардык кеңеши мэр шайлаган. Шайлоонун жүрүшүндө “Улуттар биримдиги” партиясынан байкоочулар мыйзам бузуу фактыларын аныкташкан.
Партиянын мүчөлөрү эреже бузуу боюнча видео материал беришип, депутаттардын бюллетендерди урнага салуудан мурун көрсөтүшкөнүн айтышкан.
Буга байланыштуу аталган партия БШКнын мэр шайлоо боюнча токтомун жокко чыгаруу боюнча Жогорку сотко кайрылууда.