АКШда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда Англия командасынын машыгуу базасынан жабдуулар уурдалганын чет элдик басылмалар жазышты.
Флорида штатынын Уэст-Палм-Бич шаарындагы Англия курамасынын базасына жабдууларды ташуу учурунда оюнчуларга таандык футбол бут кийимдери, расмий турнирдик топтор, негизги машыгуучу жабдуулар, массаж столдору уурдалган. Полиция эки шектүүнү кармаган. Окуя иликтенип жатат.