Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун В тайпасындагы оюндар тең чыгуу менен аяктады.
Алсак, Канада менен Босния жана Герцеговинанын беттеши Канаданын Торонто шаарындагы "Торонто Стэдиум" стадионунда өтүп, эсеп 1:1 менен аяктады. Ал эми Швейцария менен Катар курамалары АКШдагы Санта-Клара шаарында "Ливайс" стадионунда кезигишип, беттеш 1:1 эсебинде аяктады.
Натыйжада, тайпадагы 4 улуттук команда тең 1ден упайга ээ болушту. Эми алдыда, тагыраагы, 18-июнда Швейцария- Босния жана Герцеговина, 19-июнда Катар-Канаданын беттештери орун алат.