Бразилиянын Сан-Паулу штатында бийиктиктен секирүүдө 21 жаштагы келин каза тапты.
Чет элдик басылмалардын маалыматтары боюнча, окуя кечээ, 13-июнда Лимейра шаарындагы Ponte do Esqueleto көпүрөсүндөгү секирүү жайында маркумдун жолдошунун көз алында болгон. Анда инструкторлор ага коопсуздук жабдыктарын кийгизгени менен, арканга бекитүүнү унутуп калышкан. Алар 40 метр бийиктиктен келинди ыргытышкан.
Факт боюнча 6 адам кармалган.