Кечээ, 14-июнда Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШ президенти Дональд Трамп телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Орусиянын президентинин жардамчысы Юрий Ушаковго таянып орусиялык басылмалар жазышты.
Айтымында, сүйлөшүүдө Путин АКШ президентин 80 жылдык мааракеси менен куттуктаган.
"Ошондой эле эки лидер Орусия-Америка мамилелери, анын ичинде экономика жана энергетика тармагында өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруунун перспективаларын талкуулашкан", - деп жазылат маалыматта.