Ош РЭС ишканасы Ош-5 подстанциясынын 6 киловольттук электр чубалгыларында монтаждоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 29- январда «Ош Электро» ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, мурдагы 6 киловольттук чубалгылар өзүнүн иштөө мөөнөтүн өтөп бүткөн. Учурда анын ордуна оңдоо бригадасы № 96 көмөк чордонунан узундугу 750 метр болгон жаңы электр чубалгысын тартууда.