Биз социалдык тармакта

АКШда жеңил учак кулап, 12 адам каза болду

АКШнын Миссури штатында Pacific Aerospace P750 үлгүсүндөгү жеңил моторлуу учак кырсыкка учурап, 12 адам каза болду. Бул тууралуу ABC News билдирди.

Маалым болгондой, кырсык 14-июнда Батлер аэропортунун жанында болгон. Анын кесепетинен 12 адам, анын ичинде учкуч жана 11 парашютчу каза болду.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, учак абага көтөрүлгөндөн көп өтпөй аэропорттун аймагындагы талаага кулап түшкөн.

Учурда АКШнын тийиштүү органдары кырсыктын себептерин аныктоо үчүн иликтөө жүргүзүүдө. Учак Skydive Kansas City компаниясына таандык болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан