Биз социалдык тармакта

Ливан Израил соккуларынан каза болгондор тууралуу маалымат берди

Ливанда Израилдин чабуулдарынан каза болгондордун саны (ред., 2-марттан бери) 3783 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине таянып, эл аралык басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, акыркы сутка ичинде дагы 27 адам каза болуп, 67 адам жаракат алган. Жалпысынан жаракат алгандардын саны 11 миң 699 адамды түздү.

Бүгүн Израилдин Коргоо армиясы (ЦАХАЛ) Бейрут шаарындагы «Хезболла» уюмунун командалык борборуна сокку урганын маалымдады. ЖКМлардын билдиришинче, анын кесепетинен бир адам каза болуп, дагы төртөө жаракат алган.

Буга чейин ЦАХАЛ Ливандын түштүгүндөгү 29 калктуу конуштун тургундарына алдыдагы аба соккулары тууралуу эскертип, коопсуз аймактарга эвакуация болууга чакырганы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан