Биз социалдык тармакта

"75чилердин катына" байланыштуу сот отуруму ачык өтүүдө (сүрөт)

Бүгүн, 15-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "75чилердин катына" байланыштуу соттук отурум ачык өтүп жатат. Ага айыпталуучулардын жакындары, ошондой эле журналисттер киргизилди.

Сот отурумуна УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиев, парламенттин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулу жана мурдагы баш прокурор Курманкул Зулушев катышууда. Ошондой эле "75 адамдын каты" боюнча кармалган Бекболот Талгарбеков, Аалы Карашев, Курсан Асанов, Эмилбек Узакбаев жана Курманбек Дыйканбаев алынып келинди.

Белгилей өтсөк, 11-июнда отурумду ачык өткөрүү чечими кабыл алынган.

Эске салсак, 18-майда Камчыбек Ташиев жана анын тарапташтарынын иши боюнча Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда соттук угуу болгон. Ага УКМКнын мурдагы төрагасы келген эмес.

ИИМ аталган ишке "жашыруун" деген гриф койгон.

Ташиев Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алуу же кармап туруу" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталууда. Мындай беренелер менен Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу менен экс-депутат Курманкул Зулушевге да айып тагылган




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан