Тегеран менен Вашингтон өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюлгандан кийин калган талаштуу маселелер боюнча 60 күндүн ичинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Казем Гарибабади билдирген.
"Жума күнү документке расмий кол коюу аземи өтөт. Андан соң эки өлкөнүн делегация жетекчилери мындан аркы сүйлөшүүлөрдүн кадамдарын аныктоо үчүн жолугушат", - деген Гарибабади.
Гарибабади бул сүйлөшүүлөр АКШ келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарган учурда гана башталарын белгиледи. Айтымында, меморандумдун тексти ага кол коюлгандан кийин коомчулукка жарыяланат.
Буга чейин Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф АКШ менен Ирандын өкүлдөрү 19-июнда Швейцарияда өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коё турганын маалымдаган.
АКШ менен Ирандын ортосундагы меморандумдун негизги максаты — согуштук аракеттерди токтотуу. Ал эми Ирандын өзөктүк программасынын келечеги сыяктуу эң талаштуу маселелер кийинки сүйлөшүүлөрдүн этаптарында талкууланат.