Пакистандын аба күчтөрүнө таандык машыгуу учагы өлкөнүн түндүк-батышындагы Хайбер-Пахтунхва провинциясында кырсыкка учурады.
Маалыматка караганда, учак окуу-машыгуу тапшырмасын аткарып жаткан учурда Мардан округу аймагындагы турак үйлөрдүн үстүнө кулап түшкөн. Кырсыктын кесепетинен эки учкуч каза болуп, жергиликтүү үч тургун жаракат алган.
Учурда окуя болгон жерде куткаруучулар иштеп жатат. Учактын кулашына эмне себеп болгону иликтенүүдө.