АКШнын президенти Дональд Трамп жума күнү Вашингтон Ливандагы кырдаалды жөнгө салууга аракет кыларын жана бул үчүн “Хезболла” кыймылы менен сүйлөшүү өткөрүү ниетинде экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
“Биз чындап эле Ливандагы абалды оңдой алабызбы деп көргүбүз келет, анткени бул маселе эч качан бүтпөгөндөй сезилет. Ошондуктан “Хезболла” менен бир аз сүйлөшүшүбүз керек”, - деди ал журналисттерге.
Трамптын айтымында, АКШ Ливандагы чыңалууну азайтуу жана кырдаалды турукташтыруу жолдорун издеп жатат. “Хезболла” Ливандагы эң таасирдүү саясий жана аскердик кыймылдардын бири болуп саналат.