Биз социалдык тармакта

Иран Ормуз кысыгынан беш кеме өткөнүн билдирди

Ирандын кемелери Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы келишимден кийин Ормуз кысыгындагы АКШ блокадасынын аймагынан тоскоолдуксуз өтө баштады. Бул тууралуу 15-июнда Tasnim агенттиги билдирди.

"Үч мунай танкери жана эң керектүү товарларды ташыган эки кеме деңиз блокадасынан өттү", - деп айтылат агенттиктин Telegram-каналындагы билдирүүсүндө.

Маалыматына ылайык, жалпысынан беш кеме аймактан тоскоолдуксуз өткөн. Азырынча бул маалымат боюнча АКШ тарап расмий комментарий бере элек.

Буга чейин Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф АКШ менен Ирандын өкүлдөрү 19-июнда Швейцарияда өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коё турганын маалымдаган.

АКШ менен Ирандын ортосундагы меморандумдун негизги максаты — согуштук аракеттерди токтотуу. Ал эми Ирандын өзөктүк программасынын келечеги сыяктуу эң талаштуу маселелер кийинки сүйлөшүүлөрдүн этаптарында талкууланат.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан