2013-жылы кен иштетүүдөн бонус катары мамлекеттик казынага 853 миллион сом түшкөн

2012-жылы жана 2013-жылдын ортосуна чейин өкмөт кен иштетүү тармагына чоң өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул тууралуу 28-январдагы Кыргызстандын 2013-жылы социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча жыл жыйынтыгын чыгарган коллегияда экономика министри Темир Сариев билдирди. Анын айтымында, “Кендер жөнүндө” жаңы мыйзам кабыл алынган.

 “Салык, жер кодекстерине өзгөртүүлөр киргизилип, бул кен иштетүүдөгү ачык иштөө системин түзүүгө багытталган. Ошондой эле мыйзамдарды ишке ашырууну жөнгө салуу максатында 10го жакын мыйзам алдындагы акттар түзүлгөн.  Биз кандай жыйынтык алдык? Буга чейин көп аянтты ээлегендер казынага эч нерсе төлөшкөн эмес. Эгер кайсы бир аймакты иштетүү боюнча лицензия алдыңбы, ал үчүн төлөш да керек. Өткөн жылы жана бул жылдын башында 4 аукцион өткөрүп, 85 миллион сом таптык. Бул кичинекей Сары-Таш кени болчу. Ал эми бонус катары мамлекеттик казынага 853 миллион сом түшкөн. Кен иштетүү саясаты жүргүзгөн иштер жакшы натыйжа берүүдө”,- деди министр.      

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан