Биз социалдык тармакта

Армения НАТОнун үч өлкөсү менен аскердик машыгууларды өткөрөт

Армения НАТОго мүчө болгон үч өлкө менен бирге жыл сайын өтүүчү "Eagle Partner-2026" аскердик машыгууларын өткөрөт. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлигинин расмий сайтында маалымдалды.

Бул машыгуулар 17-25-июнь күндөрү өтүп, ага Греция, АКШ жана Франция катышат.

"Анын жүрүшүндө тынчтыкты сактоо боюнча тапшырмаларды даярдоо жана аткаруу көндүмдөрү иштелип чыгат", - деп айтылат билдирүүдө.

Машыгууларга Армениядан 250 аскер кызматкери катышат. АКШдан 58, Франциядан 24, ал эми Грециядан 11 аскер кызматкери келет.

Буга чейин Армениянын премьер-министри Никол Пашинян НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте менен Еревандын уюм менен кызматташтыгын тереңдетүү маселесин талкуулаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан