Орусиянын Сочи шаарында III эл аралык "Евразия-Кинофест" кинофестивалы башталды. 13-июнда старт алган иш-чара 19-июнга чейин уланат. Фестиваль Евразия, Африка жана Латын Америкасынын 53 өлкөсүнөн келген 700дөн ашуун режиссёрду, актёрду, продюсерди жана сценаристти бир аянтчага чогултту.
Фестивалдын расмий ачылыш аземи Фрунзе атындагы парктагы Жайкы театрда өттү. Кызыл килемден кино дүйнөсүнүн белгилүү өкүлдөрү басып өтүштү. Алардын арасында Кыргызстан, Өзбекстан, Индия, Кытай, Бразилия, Түштүк Африка Республикасы, Аргентина жана Сербиядан келген коноктор да бар.
Быйылкы фестивалдын өзгөчөлүгү – конкурстук программага жалаң жаңы тасмалар киргизилген. Жалпысынан көрүүчүлөргө 100дөн ашуун фильм сунушталат.
Фестивалдын президенти Жаник Файзиевдин айтымында, бул иш-чара кино көрсөтүү менен эле чектелбейт. Ал ар кайсы өлкөлөрдүн өкүлдөрүн жакындатып, жаңы чыгармачыл долбоорлордун жаралышына өбөлгө түзгөн аянтча болуп саналат.
Толук метраждуу тасмалар сынагына Нигерия, Кыргызстан, Колумбия жана башка мамлекеттердин фильмдери катышууда. Алардын арасында нигериялык режиссёр Тока Макбарордун "Каканда" жана кыргызстандык режиссёр Алмаз Жангазиевдин "Көз ирмем" тасмасы бар.
Кыска метраждуу тасмалар сынагында Армения, Индия жана Тажикстандын режиссёрлорунун эмгектери көрсөтүлөт. Ал эми даректүү фильмдер программасына Орусия менен Өзбекстандын долбоорлору кирген.
Ошондой эле фестивалда "Жеңиштин жүздөрү" тасмасынын көрсөтүүсү болот. Мындан тышкары режиссёр Алексей Алферовдун "Кичинекей каратэчи" аттуу тасмасынын бет ачары өтөт.
Уюштуруучулардын айтымында, быйылкы фестивалдын негизги идеясы "КИНО" деген түшүнүккө байланыштуу. Ал маданият, тарых, мурас жана образ деген маанилерди камтыйт. Максат – искусство аркылуу элдерди жакындатуу жана өлкөлөр ортосундагы маданий байланышты чыңдоо.
Фестивалдын алкагында дүйнөлүк кинофестивалдарда жеңишке жетишкен тасмалар да көрсөтүлөт. Алардын катарында "Мен Боливармын", "Лола жана жаңырган пианино" жана кыргызстандык режиссёр Гузель Дүйшөнкулованын "Таш келин" тасмасы бар.
Кинофестивалда көрсөтүүлөрдөн сырткары тегерек столдор, талкуулар, чыгармачыл жолугушуулар жана мастер-класстар уюштурулат. Катышуучулар кино тармагында жасалма интеллект менен нейротармактарды колдонуу боюнча да тажрыйба алмашышат.
Мындан тышкары ар кайсы өлкөлөрдүн кинематографисттер союздарынын өкүлдөрү жолугушуп, кино жаатында билим берүү жана кино сын боюнча эл аралык форумдар өтөт. Быйыл фестивалдын алкагында биринчи жолу сценарийлердин кинорыногу да уюштурулуп жатат.
Жаш кинематографисттер үчүн өзүнчө билим берүү программасы даярдалган. Ошондой эле белгилүү режиссёр Станислав Говорухиндин 90 жылдыгына, актриса Вера Глаголеванын 70 жылдыгына жана "Союзмультфильм" киностудиясынын 90 жылдыгына арналган атайын иш-чаралар өтөт.
Белгилей кетсек, биринчи "Евразия-Кинофест" 2024-жылы Москва шаарында өткөн. Ал эми экинчи фестиваль 2025-жылы Сочиде уюштурулуп, ага 27 өлкөдөн 650дөн ашуун кино өкүлү катышкан. Бул жылы фестивалдын географиясы дагы кеңейип, катышуучу өлкөлөрдүн саны 53кө жетти.