Асылбек Жээнбеков: “Азыр гезиттер эмнелерди гана жазышпайт, биз тууралуу 100 пайыз жалган маалыматтар чыгууда”

Жогорку Кеңештин 29-январдагы жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков гезиттерге ишенип болбой турганын айтты. Айта кетсек, жыйында депутаттар президенттин парламенттеги өкүлү Молдакун Абдылдаевди сындашып, “мурда иштеп турганда баткендик аялдарды "сасык" деп тилдегенин гезиттер жазып чыгышты” деп билдиришкен эле.

Төрага бул маалымат боюнча оюн минтип билдирди:

“Азыр гезиттер эмнелерди гана жазышпайт. Биз тууралуу 100 пайыз жалгандар чыгууда. Алардын баарына ишене бергенде болбойт. Бул киши президенттин жарлыгы менен өкүл болуп дайындалды, сыйлайлы. Иштешели”.

Президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев “бул кишинин оозунан андай сөз чыкпайт, маалымат жалган” деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан