Биз социалдык тармакта

Казакстан жасалма интеллектке 10 миллиард доллар инвестиция тартты

Казакстан жасалма интеллект тармагында ири секирик жасоону көздөөдө. Өлкө бийлиги америкалык технологиялык компаниялар менен жалпы суммасы 10 миллиард долларды түзгөн келишимдерге кол коюп, масштабдуу санариптик долбоорду баштады.

Бул маселе Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов менен дүйнөдөгү эң ири технологиялык компаниялардын бири болгон NVIDIAнын вице-президенти Рев Лебаредян, ошондой эле америкалык Firebird компаниясынын негиздөөчүлөрү Размик Овакимян жана Александр Есаян менен болгон жолугушууда талкууланды.

Долбоордун негизги максаты – өлкөдө жасалма интеллектти өнүктүрүүгө керектүү күчтүү санариптик инфраструктураны түзүү. Анын алкагында заманбап маалыматтарды иштетүү борборлору курулуп, жогорку өндүрүмдүү эсептөө системалары ишке киргизилет.

Казакстан бийлиги 2026-жылды Санариптештирүү жана жасалма интеллект жылы деп жарыялаган. Өлкө учурда технологиялык өнүгүүнү экономиканын негизги багыттарынын бири катары карап жатат.

Ири долбоордун өзөгү Павлодар облусунун Экибастуз шаарында курула турган "Маалыматтарды иштетүү борборлорунун өрөөнү" болмокчу. Азырынча долбоор үчүн 300 мегаватт электр энергиясы каралган болсо, келечекте бул көрсөткүчтү 1 гигаваттка чейин жеткирүү пландалууда.

Firebird компаниясынын башкы директору Размик Овакимян Казакстандын потенциалы жогору экенин белгилеп, бүгүн жасалма интеллектке инвестиция салган өлкөлөр келечектеги технологиялык атаандаштыкта алдыга чыгарын айтты.

Ал эми NVIDIAнын өкүлү Рев Лебаредян жасалма интеллектти өнүктүрүүдө энергия эң маанилүү фактор экенин белгиледи.

"Эгер энергия болбосо, башка технологияларды өнүктүрүү мүмкүн эмес. Казакстандын бул жаатта мүмкүнчүлүгү чоң", — деди ал.

Өлкөнүн Жасалма интеллект жана санариптик өнүктүрүү министри Жаслан Мадиевдин маалыматына ылайык, 10 миллиард долларлык инвестициянын эсебинен Казакстанда 100 миң заманбап GPU-чиптен турган ири эсептөө кластери түзүлөт. Бул дүйнөдөгү эң күчтүү технологиялык борборлордун бири болууга талапкер.

Өкмөт долбоор ишке ашкандан кийин жыл сайын кеминде 3 миллиард доллар экспорттук киреше түшөрүн, миңдеген жаңы жумуш орундары түзүлөрүн жана дүйнөлүк технологиялык компанияларды тартууга шарт жараларын билдирүүдө.

Эксперттердин пикиринде, бул демилге Казакстанды Борбор Азиядагы гана эмес, жалпы Евразиядагы ири санариптик жана технологиялык борборлордун бирине айландырууга жардам бериши мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан