Ирандык танкерлер акыркы эки айдан бери биринчи жолу экспортко чийки мунай ташый баштады. Бул тууралуу CNN телеканалы билдирди.
Бул Тегеран менен Вашингтон өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлгандан кийин ишке ашты.
Маалым болгондой, ирандык танкерлер мунайдын эки партиясын ийгиликтүү экспортко чыгарышкан.
"Ирандын кеминде эки кемеси АКШнын деңиз блокадасынын тилкесинен өтүп, жалпысынан 3,8 миллион баррель чийки мунай ташып кетти", — деп айтылат маалыматта.
Иран менен АКШ 15-июнга караган түнү өз ара меморандум боюнча сүйлөшүүлөр аяктаганын билдиришкен. АКШ лидери Дональд Трамп келишимдин алкагында Ормуз кысыгындагы чектөөлөр алынганын айткан.
АКШ менен Иран тийиштүү документке 19-июнда Швейцарияда кол коюшу күтүлүүдө.