Гонконгдук ишкер Сесил Чао өзүнүн Гиги аттуу кызына үйлөнө турган мырзага 130 миллион доллар берет. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлашты.
Сесил Чао 2012-жылы да мындан 2 эсеге аз каражат менен ушундай убада кылган. Андагы аракет 20 000 кишинин көңүлүн бурдуруп, анын баары кыздын атасы менен байланышкан. Бирок лесби кыз анда эркек менен үйлөнүүгө каршы болгон.
Маалыматка ылайык, Гиги Чао бул кылыгы үчүн атасын жектебейт. Анын айтымында, атасы кызынын бактылуу болуусун каалаганы менен, абалын түшүнбөй жатат. Ал эми кыздын атасы болсо 33 жаштагы кызын артка кайтарып, кадимки адамдардай жашоосун камсыздоого кеч эмес дейт.
Бул жолку жарыядан кийин канча киши аракетке өткөнү тууралуу так маалымат жок.