Биз социалдык тармакта

Хиллари Клинтон Байдендин кайра талапкер болушун чоң ката деп атады

АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон экс-президент Жо Байдендин экинчи мөөнөткө талапкерлигин коюу чечимин “өтө чоң ката” деп баалады.

Guardian басылмасынын маалыматына ылайык, Клинтон Нью-Йоркто өткөн иш-чарада Байдендин бул чечими өзүнө, саясий мурасына жана өлкөгө терс таасир тийгизгенин белгилеген.

Эске салсак, Байден 2024-жылдын июль айында Дональд Трамп менен болгон ийгиликсиз дебаттардан кийин президенттик жарыштан чыккан. Андан соң Демократиялык партиядан мурдагы вице-президент Камала Харрис талапкер болуп көрсөтүлгөн. Бирок ал шайлоодо Трампты жеңе алган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан