Конго Демократиялык Республикасында Эбола вирусунан каза болгондордун саны 196 адамга жетти. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, ооруну жуктуруп алгандардын тастыкталган саны 837ге жеткен.
Акыркы маалыматтар боюнча, дагы 29 жаңы учур катталып, төрт адам каза болгон. Жаңы жуктуруу учурларынын баары Итури провинциясында аныкталган. Ал эми Түндүк Киву жана Түштүк Киву провинцияларында жаңы учурлар катталган эмес.
Министрликтин маалыматы боюнча, өлкөнүн түндүк-чыгышында жайылып жаткан Бундибугио штаммынын өлүм көрсөткүчү 23,4 пайызды түзүүдө. Ошондой эле 49 бейтап айыгып чыкканы кабарланды.
Ал эми Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) Конго Демократиялык Республикасында жана Угандада Эбола вирусунун жайылышын өзгөчө кырдаал катары баалап, анын башка өлкөлөргө тарашы боюнча коркунуч жогору экенин белгиледи.