Биз социалдык тармакта

Өзбекстан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна чыгышына карата коллекциялык тыйын чыгарат 

Өзбекстандын Борбордук банкы өлкөнүн футбол боюнча улуттук курама командасынын Дүйнө чемпиондугуна катышуусуна арналган атайын алтын жана күмүш тыйындарды жүгүртүүгө чыгарат.

Тыйындын алдыңкы бетинде Өзбекстандын футбол ассоциациясынын логотиби, футбол тобу жана "Тарыхый жеңиш. Өзбекстан — 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунда" деген жазуу чагылдырылган. Ал эми арткы бетинде курама команданын символу болгон ак карышкырдын элесин түзгөн 26 футболчунун силуэти түшүрүлгөн.

Тыйындар чектелген санда - 100 даана алтын жана 1000 даана күмүш тыйын болуп чыгарылат. Алар 18-июндан тарта сатыкка чыгат.

Өзбекстандын курама командасы үчүн быйылкы оюн тарыхындагы алгачкы Дүйнө чемпиондугу болуп саналат. Буга чейин курама команда Нью-Йорк шаарына жолдоштук беттешке баргандан кийин АКШнын коопсуздук кызматтары тарабынан күчөтүлгөн текшерүүдөн өткөрүлгөнү маалымдалган.


Өзбекстан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна чыгышына карата коллекциялык тыйын чыгарат 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан